http://ktrk.kg/Россиялык дарыгерлер Кыргызстанда эки жума иштеген соң, Москвага кайтты

Россиялык дарыгерлер Кыргызстанда эки жума иштеген соң, Москвага кайтты

6 Авг , 13:29 270

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус менен күрөшүүдө кыргыз ак халатчандарына россиялык кесиптештеринин тажрыйбасы жардам берди. Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча Федералдык кызматынын эксперттери Кыргызстанда эки жума иштеген соң, Москвага кайтты. 



Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча Федералдык кызматынын эксперттери коронавирусту лабораториялык жол менен аныктоодо Бишкектеги, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларындагы кесиптештерине жардам көрсөтүштү. Россиялык ден соолук сакчылары ооруканаларда коронавирусту дарылоо боюнча бөлүм ачууда, эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңыча жолдорду сунуштап, вирусту дарылоо ыкмалары менен да бөлүшкөн. 



Медицина кызматкерлери өз ишинин жыйынтыгына ыраазы. Ошол эле мезгилде, алар бары жакшы деп отуруп калуу болбостугун эскертет. Анткени оорунун экинчи толкуну болбойт деп, эч ким кепилдик бере албайт. Россиялык ак халатчандардын айтымында, кыргызстандык кесиптештери адам өмүрүн сактап калуу үчүн, бүткүл күч аракетин жумшоодо.

Эске сала кетчү нерсе, коронавирус менен күрөшүүдө Россия тараптын Кыргызстанга берген жардамы, эки мамлекеттин өлкө башчыларынын жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн негизинде көрөсөтүлүүдө. Буга чейин өлкөгө дары-дармектер менен медицинадык жабдуулар жана оору аныктоочу тесттер берилген. Бугүнкү күндө 50гө жакын башкыртыстандык дарыгерлер оору менен күрөшүүдө кыргызстандык кесиптештерине жардам көрсөтүүдө.


Новости по дате