http://ktrk.kg/Талант Сооронбаев: Пневмония менен ооруп айыккандан кийин, өпкөдөгү тактар алты ай сакталат

Талант Сооронбаев: Пневмония менен ооруп айыккандан кийин, өпкөдөгү тактар алты ай сакталат

10 Авг , 9:24 1751

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Пневмония менен ооруп айыккандан кийин адамдын өпкөсүндөгү тактар бир топ убакытка чейин, тагыраагы алты ай сакталат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы өпкө дарыгери, профессор Талант Сооронбаев билдирди. 

Өпкөсү кагынып ооругандардын көпчүлүгү компьютердик томографиядан кайра өткөндөн кийин өпкөсүндө калган тактар кетпегенин көрүп, фиброз болуп калдык деп тынчсызданып жатышат. 

“Адам өзү клиникалык жактан жакшы болуп сакайганы менен өпкөдөгү тактар кээде алты айга чейин сакталып кала берет. Бул өпкөгө быржыкчалар чыгып фиброз болуп кетти дегенди билдирбейт. Өпкөнүн этиндеги, кан тамырларындагы өзгөрүүлөр калыбына келиши үчүн бир топ убакыт керек болот. Ошол себептен ага сарсанаа болуп кереги жок. Эгер катуу тынчсыздануу болсо өпкө дарыгерине кайрылып, жеткиликтүү кеңеш алган абзел”, - дейт Талант Сооронбаев. 

Негизи ар бир бейтаптын реабилитациясы ар кандай өтүп жатат. Ошондуктан бейтап дарыгер жазып берген сунуштарды так аткарып, өз алдынча дарыланганга болбойт. Ошол эле учурда дарыгер тарабынан такталбаган кеңешмелерди колдонууга болбойт деп белгилейт Сооронбаев.

Новости по дате