http://ktrk.kg/Нарын облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу, эмдөө иштери ыкчам жүргүзүлүүдө

Нарын облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу, эмдөө иштери ыкчам жүргүзүлүүдө

23 Сент , 13:38 1268

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дарыгерлер санитардык эрежелерди сактап, бет кап тагынууну улантып, вакцина алууну сунуштайт. Дарыгерлердин айтымында эмдөө гана ооруну ооздуктайт. Бүгүнкү күндө Нарын облусунда эмдөө иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Облус боюнча эмделе турган калктын саны жүз миңден ашык адамды түзөт.

Өлкө боюнча жалпы эпидемиологиялык абал турукташып, күндөн-күнгө коронавируска чалдыккандар азайганы байкалды. Учурда Нарын облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу. Акыркы бир күндө облус боюнча коронавирус эки адамдан аныкталган. Ошентсе да дарыгерлер санитардык эрежелерди сактоону улантуу керек экенин айтышууда. Себеби, күн сууктаса сасык тумоо менен кошо коронавирус да кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан дарыгерлер эмдөө алууну сунуштап жатат.

Аймакта калкты вируска каршы эмдөө иштери апрель айынын башында башталган. Учурда калкты вакцинациялоо жумуштары ыкчам уланып жатат. Sinopharm жана Россиянын Спутник V вакцинасынын кору жетиштүү көлөмдө. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, бүгүнкү күндө 16 мобилдик бригада түзүлүп район шаарларда иш алып барууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда калкты вируска каршы эмдөө үстүбүздөгү жылдын 24-мартынан баштап жүргүзүлүп келет. Кыргызстанга COVID-19 вирусуна каршы эмдөө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Спутник V жана COVAX прогаммасы аркылуу келген AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө.

Новости по дате