Жаңылыктар
14 , Март, 9:39 2101

Роналдунун ордун ким басат?

image

"Реалга" мега жылдыз керек. Роналдунун жашы улгайган сайын, көрсөткөн оюнунда да пиар жагынан да улам төмөндөөлөр байкалып жатат. Ордун ким басат? 2 жыл мурда Перес, анын ордун Бейл же Хамес басат го деп ойлогон. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. 

Анда ким ылайыктуу? Азар, Обамеянг, Агуэро, Де Брюйне? Жок булардын "Реалда" жолу болооруна шегим бар. Деги эле, "Реал" перспективасы мыкты жаштардан кимди күтөт? Дибаланыбы? Аны убакыт көгөзөт.

"Барселона"

Ал эми Мессиде дагы 2-3 жылдык убакыт бар, каталондуктар анын ордун Неймар басат деп ойлоп турган чактары. Бирок Неймар Мессинин көлөкөсүндө калып карып кетпейби? Же Кака айткандай мыкты болушу үчүн Реймар болуп атын өзгөртүүсү шартпы? Себеби, баардык мыкты бразилиялык футболчулардын ысымдарынын баш тамгасы Р тамгасы менен башталганын эске салып, тамашалап айткан Каканын сөздөрүн чет элдик басылмалар жазып чыккан.

Бакыт Турдуматов

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз