Жаңылыктар
1 , Окт, 11:31 232

Кыргыз бийчилери “Империя Кубогу - 2019” мелдешинде алтын медаль утушту

image

Москва шаарындагы “Империя Кубогу - 2019” эл аралык турниринде атамекендик спортчулар бал бийлери боюнча алтын медалды камсыздашты. Бий спортунун федерациясы билдиргендей, турнирге 17 мамлекеттен катышышкан. Бардыгы болуп 1 миң 389 түгөй бийчи болгон. 

Кыргызстандан барган Говард Чолпонбаев жана Айбике Нурланова европалык программада 38 түгөйдүн арасынан алтын медалды алса, латын америкалык программада 42 түгөйдүн ичинен бешинчи орунду ээлешти. “Империя Кубогу” Москвада өткөн эң кыйын мелдештердин бири болуп саналат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз