Жаңылыктар
10 , Окт, 9:29 313

Футбол: Кыргызстан курамасы сенин колдооңо муктаж

image

Бүгүн, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында, Мьянманын курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби менен жеңилген. Тажикстан экинчи беттешинде Монголияны жеңген. Ошентип "F" тайпасынын сап башына эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы чыкты. Экинчи орунду үч упайы менен Жапония ээлеп турат. Үчүнчү орунда эки беттеште үч упай алган Монголия келе жатат. Кыргызстан менен Мьянма командаларынын эсебинде бир да упай жок.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз