Жаңылыктар
28 , Май, 13:24 972

4 миң сом менен чет өлкөгө барып... 13 стадионду кыдырган Бексултан Усеналиев

image

КТРК спорт каналынын баяндамачысы жана алып баруучусу, граундхоппер Бексултан Усеналиев улуттук курама команданын алдыдагы беттештери, кыргыз футболчулары менен болгон кызыктуу окуялар жана граундхоппинг тууралуу айтып берди.

 - Бексултан, ассалам алейкум! Футбол боюнча улуттук курама команданын оюндары жакындап калды, кандай ойлойсуз, бизде жакшы жыйынтык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

- Уа алейкум ассалам! Биринчиден биз реалдуу көз караш менен караганга аракет кылышыбыз керек. Азырынча дүйнө чемпионаты тууралуу ойлонуу эрте. Бирок 2023-жылдагы Азия чемпионатына жакшы мүмкүнчүлүк бар. Албетте биз курама командабызга ишенип, колдойбуз. Японияда балким оюн башкача жүрүшү мүмкүн. Талаа ээлеринен (Япония) утулсак дагы, Мьянма менен Монголияны сөзсүз утушубуз зарыл. Ушул жыйынтык менен Азияга чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле, курама команданын оюнун биз 2 жылдан бери пандемияга байланыштуу көрө элекпиз. Оюнчулар чет жакта же Кыргызстандагы командаларда ойноп жүрүштү. Бирок кураманын оюну боло элек.

 - Курама командадагы оюнчулар тууралуу айта кетсеңиз?

 -  Негизи курама командадагы оюнчулар кандай гана түзүлбөсүн, баары бир сөздөр боло берет. Азыр айтып жатышпайбы “тигини чакырган жок, муну чакырган жок” деп. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, баары идеалдуу болбойт да. Улуттук кураманын машыктыруучусу Александр Крестинин туура эле иштеп жатат деп ойлойм. Себеби ошол киши келгенден кийин биздин курама команданын деңгээли көтөрүлгөнү сезилди. Азия чемпионатына тарыхта биринчи жолу чыкканыбыз муну далилдеп жатат. Оюнчуларыбызды чет жактын командалары таанып, чакыра баштады.  Андан тышкары, командага оюнчуларды чогултуу боюнча да жакшы иштер жүрдү. Айтсак, Кыргызстанда төрөлүп чет жакта ойногон футболчулар чакырылды. Ошол эле, Виктор Майер, Виталий Люкс, Эдгар Бернхард ж.б. Антон Землянухин дагы бир канча убакыт бою курама команда үчүн оюн өткөрө элек болчу. Ал дагы кайрадан чакырылып, негизги курамдагы мыкты футболчулардан болду.

 - Сизди баяндамачы катары тааныйбыз, ошол эле убакта улуттук курама команданы активдүү колдогон, керек болсо чет жакка чейин барып күйөрмандык кылганыңызды билебиз, ушул туурасында кененирээк айтып берсеңиз.  Курама команданы башка өлкөдөн көрүү, деги эле бөтөн жерде күйөрмандык кылууда кандай сезимдер болот? - Негизи 2004-жылы атам стадионго оюн көрөбүз деп ээрчитип келген.Ошол убакыттан бери курама команданын бизде өткөн оюндарын калтырбай барып көрөм. Ал убакта өлкөбүздө күйөрмандык кылуу маданияты да жок болчу. Элдер жөн эле келип оюн көрүп кетүшчү. 2013-жылдары футбол күйөрмандары чогулуп, атайын “Red Falcons” (кыргызча: кызыл шумкарлар) деген бирикме түздүк. Оюндарды көрүүчү катары барып көрбөстөн футболчуларыбызга дем берүү максатында барабандарды колдонуп, ырдап, үнүбүз чыкпай калганча колдочубуз. Ошентип жүрүп футболго болгон кызыгуум артты.2015-жылы Австралия-Кыргызстан беттешине күйөрмандарды чогултуп, уюштуруу иштерине катышып  жүрдүм. Ошол учурда футбол федерациясы менен да мамиле кылып, күйөрмандар үчүн стадиондон өзүнчө сектор сурадык. Андан соң билеттерди биздин бирикмеге кошулуп, оюн аягына чейин колдой тургандарга таратып бердик. Эми булар курама команданы активдүү колдогон күйөрмандар болчу. Дээрлик 800 жакын адам чогулуп, Өчпөс оттон стадионго чейин жөө жүрүп келдик. Оюн жогорку деңгээлде өттү. Кийинчерээк, Футбол федерациясы мени байкап калып, диктор болуу үчүн Кыргызстан – Тажикстан беттешине чакырды. Болгондо да англис тилинде алып барыш керек болчу. Мен дароо макул болуп, алып бардым. Тажрыйба жоктугунан улам, каталар да болбой койгон жок. Ошол кезде спорт канал ачылат деп айтып жатышкандарын угуп калдым. Федерациядан дагы каналга баруумду сунуш кылышты. 2015-жылдын декабрь айынан тарта спорт каналда иштеп баштадым. Анткени менен, күйөрман катары да активдүү катышууну улантып жүрдүм. 2016-жылы ири спорттук мелдештерди алып барганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Алар – Футбол боюнча Европа чемпионаты, Риодогу Олимпиада  жана Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары.

2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын барып көрүүнү каалаган элем, тилекке каршы, ишке ашпай калды. Бирок аталган чемпионатты түз эфирге чыгып алып бардым. Бул дагы карьерамдагы маштабдуу спорттук иш-чаралардын бири болду.Чемпионат аякатагандан кийин, досум менен бирге чет өлкөгө чыгып келүүнү пландадык. Дүйнө чемпионатына салынган футбол стадиондорун көрүүнү да каалаган элек. Ошентип жолго чыгып, Россия, Түркия жана Грузиядан жалпы 13 стадиондогу оюндарды көрүп келдик. Бул үчүн бир айга жакын убакыт жана 35 миң сом акча кетти. Бул менин жашоомдогу өзгөчө учурлар болду. Көз караштар өзгөрүп, чет өлкөгө чыгуу анча деле оор эмес экенин түшүндүк. Ошонун айынан курама команданы чет өлкөдөгү оюндарына бара баштадык.

 - Акыркы жолу курама команданы колдоп кайсы оюндарга барып келдиңиз?

 - Акыркы жолу 2019-жылы эки жолу курама команданы колдоп барып келдим. Бул Өзбекстан менен болгон жолдоштук беттеш жана Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагындагы Тажикстан менен оюн. Биз үчүн тандап алуу оюндары маанилүү жана жоопкерчиликтүү болгондуктан, Тажикстанда өткөн беттеш эсимде калды.Душанбедеги оюнга 3 күн калганда акчабыз тартыш болсо да “Автостоп” (кыргызча: айдоочунун макулдугу менен унаада акысыз жүрүү) менен жолго чыгып кеттик. Ошко чейин унаадан унаага түшүп отуруп  жеттик. Андан ары Тажикстанга бардык. Жолдо жүргөндө көптөгөн мекендештерибиз жардам берип жатышты. Өзүбүз дагы социалдык тармакка жарыялаганыбыздын айынан кээ бири үй, башкасы тамак-аш берип сыйлады.Тажистанга оюнга бир күн калганда жетип бардык. Сапарга чыкканда улуттук кураманын оюнчулары менен да сүйлөшүп турган элек. Душанбедеги улуттук курама жайгашкан мейманканадан бизди Валерий Кашуба тосуп алды. Биз оюнчулар менен учурашып кайра кете берели дегенбиз, бирок улуттук курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев мейманкада эле калууну сунуштады. Биз каражат жагынан маселе болгонун айтсак: “эч нерсе эмес” – чечебиз деп админстраторго кайрылды. Админстратор болсо орундар каралбаганын айтты. Ал ортодо улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин келип калды. Бизди көрүп эле учурашып ал акыбалыбызды сурады. Көрсө жолго чыкканыбыз тууралуу маалымат ага да жетиптир. “Бул жакта каласыңарбы?”, - деп сурап калды. Мурзаев: “ошо калтыралы деп жатабыз”- деп жооп берди. Александр Сергеевич:“жигиттер жолдон чарчады, бул жакта калышсын”, - деп 4 жылдыздуу мейманканада  жатып калдык.

  Ага чейин улуттук кураманын дагы бир оюнчусу Турсунали Рустамов менен бизди тосуп алган Валерий Кашуба телефон аркылуу сүйлөшүп, “балдар келиптир, шаарды көрсөтүп келбейсиңби ?” – дегендей сөздөрдү айтты. Ал дароо макул болуп, тажикстандык досун жибериптир. Көрсө ал Тажикстан курама командасынын мурдагы оюнчусу, “Худжанд” командасынын бомбардири болгон Дильшот Васиев экен.  Ал бизге кафеден тамак-аш алып берип, акча да таштап кетти. Чындыгында абдан ыраазы болуп калдык.

Беттеш күнү 40ка жакын адам стадионго бардык. Барсак, Душанбедеги борбордук футбол аянтчасы күйөрмандарга толуп калыптыр. Бизди колдон келишинче колдогонго аракет кылдык. Оюн 1:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Беттеш бүткөндөн кийин милиция кызматкерлери коопсуздук үчүн эл чыгып кеткиче бизди кайтарып турду. Бир убакта тажик тараптагы күйөрмандарды башкаргандардын бирөөсү биз жакка карап бир нерселерди айтып жатты. Эмне болду экен деп барсам, “келгениңерге рахмат, жаткан жер, тамак-аш жетиштүүбү?”, - деп жылуу сөздөрүн айтты. Ошентип сыртка чыксак, бир канча балдар колонкада суу ичип турган экен. Эл көптүгүнөн кезек да пайда болуп калыптыр. Арасынан бирөөсү бизди көрүп “оо, меймандарды өткөргүлө”, - деп калды. Топтолгон балдар бизге жол ачып беришип суудан ичтик. Ошондо тажик элинин чыныгы меймандостугун, кең пейилдигин көрүп, эки элдин ортосундагы келишпестиктер бир гана бийликтин айынан экенин түшүндүк.

- Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз? Дагы кайсы спорттук иш чараларды же фубол стадиондорун барып көргүңүз келет?

Негизи 2020-жылы Европа мамлекеттеринин стадиондоруна жана улуттук курама команданын оюндарына барып келейин деген ойлор бар болчу. Бирок пандемиянын айынан бара албай калдык. Эми абал турукташып кетсе, кийинки тандап алуу оюндарына, 2023-жылдагы Азия чемпионатына Кудай буюрса, барып келейин деген ойлор бар. Андан сырткары, кыргызстандык футболчулар ойногон чет өлкөлүк командалардын оюндарын да көрүп келүүнү пландап жатам.

Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ийгилик!

✏️ Эмил Жолдошев

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз