Жаңылыктар
23 , Июль, 22:19 205

Жайкы Олимпиада оюндары расмий түрдө ачык деп жарыяланды

image

Жапониянын борбору Токио шаарында Жайкы Олипиада оюндары расмий түрдө ачык деп жарыяланды.

Ачылыш аземинде кыргызстандык спортчулар жана делегациянын мүчөлөрү катышты. Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов желекти көтөрүп чыкты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык 16 спортчу Олимп оюндарына жолдомо алышкан. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Роман Петров, Бакдөөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Айаал Лазарев жана Денис Петрашов

Кыргыз Республикасынын аймагында Токио-2020 Жайкы Олимпиада оюндарын көрсөтүү боюнча расмий өнөктөштөр КТРК , КТРК Спорт жана Акнет.





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда