Жаңылыктар
27 , Июль, 12:18 390

Токио Олимпиадасы: Владимир Золоев алгачкы беттешинде жеңилип калды

image

Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Токио Олимпиадасынын алкагындагы биринчи беттешинде Европа чемпиону россиялык Алан Хубецовдон жеңилип калды. 

Спортчу бүгүн, 27-июль 81 кг салмак ченинде күч сынашып, 3 эскертүү (пассивдүүлүк үчүн) алуу менен утулду. Муну менен кыргыз спортчусу Олимпиада-2020 мелдешинен четтеп калды. 

Белгилей кетсек, Владимир Золоев Кыргызстанда өткөн дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын медаль жеңип алган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда