Жаңылыктар
17 , Сент, 18:44 5983

COVID-19 боюнча статистика: Республикада коронавирус жуктургандардын саны азаюуда

image

Республикалык штабдын маалыматы боюнча  өлкөдө коронавирус катталган учурлардын саны 177 миңден ашты. 

Өлкөдө эпидемиологиялык абал бир топ жакшырып, коронавирус илдетин жуктургандардын саны азайганы байкалууда. Соңку бир күндө коронавирус 83 адамдан табылды. 

Ошондой эле, акыркы үч айдын ичинде коронавирустук инфекциясынын катталган лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык оорулар менен тастыкталган учурлардын саны 22 миңден 12 миңге чейин азайган.

Белгилей кетсек, мурдагыдай эле эң көп учур Бишкек шаарында катталган.

2021-жылдын 16-августунан 20-августуна чейин коронавирус катталгандардын, сакайып чыккандардын жана өлүмдөрдүн статистикасы.

Жаңы катталган учурлардын саны

Сакайып чыккандардын саны

COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны

Акыркы беш күндүн ичинде өлкөдө 409 жаңы COVID-19 учуру аныкталып, 587 адам айыгып, 11 адам каза болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда калкты массалык эмдөө иштери жүрүп жатат. Жалпысынан республика боюнча 751 миң 510 адам биринчи дозасы менен, 547 миң 391 адам экинчи дозасы менен эмделген.

Белгилей кетсек, коронавируска каршы жамааттык иммунитетти түзүү үчүн калктын 70% же 2 миллион 180 миң жаранды эмдөө керек.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда