Жаңылыктар
8 , Окт, 9:00 2419

Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

image

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалын багындырды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат. 

Жуманазарова өзүнүн салмагында мелдештин тандоо турунан баштап катышты. Алтын үчүн күрөштө мекендешибиз япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз