Жаңылыктар
31 , Окт, 4:27 2020

"Алай" футбол клубу Кыргызстандын чемпиону аталды

image

"Алай" футбол клубу Кыргызстандын чемпиону аталды. Бул тууралуу КРдин Футбол лигасынан билдирди. 

Биринчиликке жалпысынан жети команда катышып, 18ден беттеш өткөрүштү. Жыйынтыгында буга чейин 42 упай топтогон "Алай" командасы "Алганы" утуп, биринчи орунга чыкты. 

Ал эми Дордой" экинчи, "Алга" үчүнчү орунду ээледи", - деп айтылат маалыматта. Эске сала кетсек, "Алай" буга чейин эки ирет - 2013-жылы жана 2015-жылы чемпион болгон.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз