http://ktrk.kg/Кыргызстан үчүн эң маанилүү “Таза Коом” долбоору даярдалууда

Кыргызстан үчүн эң маанилүү “Таза Коом” долбоору даярдалууда

3 Апр 2017 , 18:04 7567

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын негизги жана маанилүү долбоорлорунун бири "Таза Коом" долбоору болмокчу. Бул тууралуу президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков билдирди. "Таза Коом" - жаңы, заманбап технологияларга негизделген, мамлекеттик башкарууну жөнөкөй жана сапаттуу кылууга багытталган программа. Кыргызстанда бул долбоор кандай жол аркылуу ишке ашканы жатат?

Дүйнө жүзүндө заманбап технология күндөн күнгө башка болуп өзгөрүп, өтө тездик менен өнүгүүдө. Мындан 10-15 жыл мурун эле бизде интернет дүкөн, же ошол эле социалдык тармактарда үн, видео аркылуу байланышуу дегенди таң калуу менен кабыл алат элек. Аз убакыт өтпөй мунун баары жаңылык эмес, ал эми күнүмдүк турмушта колдонулуучу оокатка айланды.
Заманбап технологиялар доорунда Кыргызстан да андан артта калбай, болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек. Мындан жарандардын турмуш тиричилигинин деңгээли, бакубаттуулугу жана жалпы экономика көз каранды. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бул толкундан калбай, акылдуу мамлекетти түзүшү керек деп билдирди.
“Таза коом” долбоорун даярдоо жумушун президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков жетектеп, 20 кишиден турган атайын эксперттик топ менен иш алып барууда. Айтымында, заманбап технологиялар заманында бул долбоорсуз экономиканы алдыга жылдыруу кыйын.
Бүт дүйнө жүзү санариптик технологияларга өтүп жаткан учурда, мамлекеттик башкаруу, каржы ресурстарын пайдалануу боюнча эски ыкмалар өзүнөн өзү жокко чыгат. Аны сактап калуу аракетинен эч кандай майнап жок. Адистер мунун бардыгын эске алышкан. Андыктан таза коомдун максаттарынын бири:
“Таза Коом” долбоорунун борборунда адам турат. Анын өмүрү, коопсуздугу, укугу жана эркиндиги, эң башкысы жашоосунун бүт тараптан бакубаттуулугу. 

Бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү үйдөн чыкпастан интернет аркылуу көрсөтүлөт. Каттоо, каттоодон чыгаруу, паспорт алуу, виза бастыруу. Мунун бардыгы электрондук кезек менен болот. Адамдар менен түртүшүп, тартышып кезек күтүү болбойт. Ар кандай күбөлөндүрүүчү кагаздардын саны кыскарат. Мамлекеттик мекемелер маалыматтар менен он-лайн режимде алмашып, келечекте маалымат базалары дагы бириктирилиши мүмкүн.

Мындан сырткары мамлекттик мекемелердин ишмердиги ачык айкын жана натыйжалуу болот. Бул “Таза Коом” долбоорунун башкы максаттарынын бири.
Кыргызстан калкынын теңинен көбү аймактарда жашайт. Айыл шарттарында Таза коомду ишке ашыруу пландарын да адистер дыкат талкуулап жатышат.

 Улуттук стратегия өзү 2040-жылга чейин болгону менен анын айрым бир бөлүктөрүн азыртадан баштап эле ишке киргизүү каралууда. Кыска мөөнөттү талап кылган программаларды жылдап күтүп отуруунун зарылдыгы жок дешет адистер.
"Бул технологиялар аркылуу биз кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүп гана койбостон, анын сапатын жакшыртуу жагын да карап жатабыз. Мисалы саламаттыкты сактоо тармагын алсак: диагностика, дарылануу жана башка кызматтардын бардыгы жеткиликтүү болот. Эң башкысы Кыргызстан технологиялар заманын эртерээк ыктап, бул долбоорду айыл чарба, өндүрүш, энергетика сыяктуу бардык тармактарга киргизүү керек",- деди «Жарандык интернет саясат демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева.

“Таза коом” боюнча алдын ала программа 15-июнга чейин даярдалып, өлкө башчынын кароосуна киргизилет. Эксперттик топ бул жаатта жумушту төрт ай мурун баштаган. Ал эми май айынын башында долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат тартуу максатында донорлордун жыйыны өтөт. Андыктан каржы жагынан маселе жаралбайт деп үмүт артууга негиз бар. 



Новости по дате